# 24-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүнүн

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 24-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-24

---

тартиби

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга арыз Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген формада берилет.

2. Адвокатты дайындоо арыз алынган учурдан тартып координатор тарабынан токтоосуз жүргүзүлөт.

3. Кылмыш жасады деген шек саноо боюнча кармалган адамдарга карата адвокат алар алдын-ала тергөө органына иш жүзүндө жеткирилген учурдан тартып камсыз кылынат.

4. Адвокат мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын аймактык тизмесинен дайындалат же камсыз кылынат.

5. Координатор юридикалык жардам алууга карата адамдын укуктарын ырастоонун натыйжасы боюнча юридикалык жардам берүү же андан баш тартуу жөнүндө ушул Мыйзамдын 25-беренесине ылайык жүйөлөнгөн чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-25)
