# 23-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди убактылуу токтото туруу жана адвокатты Мамлекеттик реестрден чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 23-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-23

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу адвокатка карата жазыктык иш козголгон учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан убактылуу токтотула турушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй учурларда адвокатты Мамлекеттик реестрден чыгарууга укуктуу:

1) адвокаттын статусунан ажыратылганда;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишим бузулганда же адвокат аны түзүүдөн баш тартканда;

3) адвокаттын арызы боюнча.

3. Мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим адвокат тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

4. Адвокат ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде өзүн Мамлекеттик реестрге кайра киргизүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-24)
