# 22-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокаттарга карата колдонулуучу администрациялык таасир көрсөтүү чаралары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 22-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-22

---

Адвокаттар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй таасир көрсөтүү чараларын колдонот:

1) эскертүү;

2) адвокатты мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдөн бир айдан 3 айга чейинки мөөнөткө четтетүү;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуу.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдө адвокаттарга карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун негиздери жана тартиби Улуттук кеңеш жана адвокаттардын кесиптик уюму менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-23)
