# 21-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 21-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-21

---

1. Адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Улуттук кеңеш, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын кесиптик уюму кабыл алып жаткан чечимдер жөнүндө маалымат алууга;

2) юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик бюджеттен акы алууга;

3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Улуттук кеңешке жана сотко арыздар жана даттануулар менен кайрылууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өз убагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө;

2) юридикалык жардамдын сапатына карата ушул Мыйзамга ылайык белгиленген минималдуу талаптарды сактоого;

3) арыз берүүчүгө жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуучуга алардын укуктары жана милдеттери, юридикалык жардам алуунун шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат берүүгө;

4) Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген талаптарга ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттык досье жүргүзүүгө;

5) юстиция органдарына аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген мөөнөттө жана формада отчет берүүгө;

6) Улуттук кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган чечимдерин аткарууга.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-22)
