# 2-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 2-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-2

---

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (юридикалык жардам) - мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардам; Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мамлекеттик реестр (мындан ары - Мамлекеттик реестр) - мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө укугу бар адвокаттардын тизмеси; координатор - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү максатында арыз берүүчү менен адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылуучу кызмат адамы; арыз берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жөнүндө арыз менен кайрылган жеке жак; кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү - ушул Мыйзамга ылайык адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иш-аракети; алуучу - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү жеке жак; кепилденген юридикалык жардамды берүү - мамлекеттин каражаттарынын эсебинен юридикалык жардамды алууга карата адамдын укугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракети; мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы - ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды уюштуруу, берүү жана көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, адвокаттар кесиптик уюмунун жана башка жактардын өз ара аракеттенүүсү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-3)
