2-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (юридикалык жардам) - мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардам; Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мамлекеттик реестр (мындан ары - Мамлекеттик реестр) - мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө укугу бар адвокаттардын тизмеси; координатор - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү максатында арыз берүүчү менен адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылуучу кызмат адамы; арыз берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жөнүндө арыз менен кайрылган жеке жак; кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү - ушул Мыйзамга ылайык адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иш-аракети; алуучу - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү жеке жак; кепилденген юридикалык жардамды берүү - мамлекеттин каражаттарынын эсебинен юридикалык жардамды алууга карата адамдын укугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракети; мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы - ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды уюштуруу, берүү жана көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, адвокаттар кесиптик уюмунун жана башка жактардын өз ара аракеттенүүсү.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203186/st-2" title="2-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>