# 15-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча координатордун функциялары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 15-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-15

---

1. Координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча арыз берүүчүнүн, тергөө органынын, соттун жана адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылат.

2. Координатордун функциялары:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө арыздарды кароо;

2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды дайындоо;

3) арыз берүүчүнүн кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалыматтарды чогултуу;

4) юридикалык жардамды берүү, андан баш тартуу жана аны токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгаруу;

5) жер-жерлерде адвокаттардын нөөмөтчүлүгүнүн графигин түзүү жана алып баруу;

6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын иш-аракетине белгиленген тартипте мониторинг жүргүзүү;

7) ушул Мыйзамга ылайык башка функциялар.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-16)
