# 14-берене. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын башкаруу боюнча функциялары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 14-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн саясатын ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин функциялары:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ар жылдык бюджетинин долбоорун Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча түзүү;

2) адвокаттардын кесиптик уюмунун милдеттүү катышуусу менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер боюнча:

- адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тарифтери жана шарттары;

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттар көрсөтүүчү юридикалык жардамдын сапатына карата минималдуу талаптар;

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине баа берүүнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору;

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жоболору;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга болгон керектөөнүн статистикалык маалыматтарын чогултуу, бул боюнча иш-тажрыйбаны жалпылоо жана ага баа берүү;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, адвокаттардын аймактык тизмелерин жана резервинин тизмесин түзүү;

5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө адвокаттар менен келишимдерди түзүү;

6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо;

7) адвокаттардын эмгегине акы төлөө механизмин жүзөгө ашыруу;

8) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча саясатты жүзөгө ашыруу жөнүндө ар жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Улуттук кеңешке берүү;

9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жөнүндө коомчулукка маалымдоо;

10) ушул Мыйзамга ылайык башка функциялар.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин структурасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адистештирилген башкармалык иш жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-15)
