# 13-берене. Улуттук кеңештин жыйналыштары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 13-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-13

---

1. Улуттук кеңеш кеминде 3 айда бир жолу жыйналыш өткөрөт.

Улуттук кеңештин төрагасынын же Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн 1/3инин демилгеси боюнча Улуттук кеңеш кезексиз жыйналыштарга чакырылат. Улуттук кеңештин жыйналыштары анын мүчөлөрүнүн 2/3и бар болгон учурда укуктуу болуп саналат.

2. Улуттук кеңештин чечимдери жыйналышка катышып олтургандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болгон учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын жетекчиси Улуттук кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-14)
