# 12-берене. Улуттук кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 12-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-12

---

1. Улуттук кеңеш мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн саясатын аныктайт жана аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Улуттук кеңеш менен милдеттүү тартипте макулдашылат.

3. Улуттук кеңеш:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын ар жылдык бюджетинин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштеп чыккан долбоорун карап чыгат, сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизет;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жана өркүндөтүлүшү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына сунуштарды киргизет;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсүнүн маселелери боюнча мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан маалыматтарды сурайт;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жана берүү боюнча арыздарды жана даттанууларды карайт;

5) Юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик реестрге адвокаттарды тандоону жүзөгө ашырат.

4. Улуттук кеңеш ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Улуттук кеңештин иш-аракети жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жөнүндө отчет берет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-13)
