# 11-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203186)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4229/edition/759785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203186/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 11-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координациялык органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.

2. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун негизинде иштейт.

3. Улуттук кеңеш тиешелүү органдардын жана уюмдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалуучу 9 мүчөдөн турат.

4. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, окумуштуу юрист, 3 адвокат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана коомдук бирикмеден бирден өкүл кирет.

5. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары Улуттук кеңеш жөнүндө Жобого ылайык Улуттук кеңеш тарабынан өз курамынын ичинен шайланат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203186/st-12)
