11-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 201.
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координациялык органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
2. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун негизинде иштейт.
3. Улуттук кеңеш тиешелүү органдардын жана уюмдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалуучу 9 мүчөдөн турат.
4. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, окумуштуу юрист, 3 адвокат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана коомдук бирикмеден бирден өкүл кирет.
5. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары Улуттук кеңеш жөнүндө Жобого ылайык Улуттук кеңеш тарабынан өз курамынын ичинен шайланат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203186/st-11" title="11-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>