# КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4225/edition/341872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-июлу № 219 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203182/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:

үчүнчү абзацы "Пенсиялык фондго," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго," деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзацы "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзацы "пенсия менен камсыз кылуу" деген сөздөрдөн мурда "анын топтоо бөлүгүн камтыган" деген сөздөр менен толукталсын; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын: "- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;

- пенсиялык топтоолордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;";

он экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча топтоочу пенсиялык системанын катышуучулары менен эриш-аркак иштөөнү;"; онунчу-он үчүнчү абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он экинчи-он бешинчи абзацтар деп эсептелсин.

2. 3-статьясында:

1-бөлүгүндө:

- он экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка баалуу кагаздары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө адистештирилген депозитарий жана компаниялардын башкаруучулары менен келишим түзүүгө;

- адистештирилген депозитарий менен башкаруучу компаниялардын пенсия топтоо каражаттарын түзүү жана инвестирлөө боюнча ишмердигинин финансылык жыйынтыктары жөнүндө алардын отчетторун кароого.";

2-бөлүгүндө:

- алтынчы абзацы "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана пенсиялык системанын топтоо бөлүгү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

- тогузунчу абзацындагы "жана камсыздандырылган адамдар" деген сөздөр ", камсыздандырылган адамдар жана компаниялардын башкаруучулары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- онунчу абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарды жеке камсыздандыруу эсептеринен пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга;";

- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он алтынчы-жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын;

"- пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүгө;

- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чыгымдарды төлөөгө;

- пенсиялык топтоо каражаттарын, аларды жайгаштырууну, алынган инвестициялык кирешелерди өзгөчөлөнгөн каттоо жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо эсептерине пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын чагылдырууга;

- камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин өзүнүн арызы боюнча мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана топтоочу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген башка түзүмдөргө которууга;

- камсыздандырылган адамдардын топтоочу камсыздандыруу эсептери боюнча инвестициялык кирешелерин бөлүштүрүүгө жана топтоочу пенсиялык төлөөлөрдү жүргүзүүгө.".

3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:

экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "топтоочу бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн башка" деген сөздөр менен толукталсын"; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин инвестициялоодон алынган инвестициялык кирешелердин".

4. 5-статьянын 2-бөлүгү "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203182/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203182/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
