# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 ""Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 ""Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1329/edition/488453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 ""Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому (11.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20318

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-марты № 34 "Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарынын 2013-жылдын 4-февралындагы № 12/од буйругу менен түзүлгөн Жумушчу топ сунуш кылган маалымкаттын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерине Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылынын тургуну Н.Нусубалиеванын даттануусун жана Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттары А.Тургуналиеванын, М.Сапарованын, А.Мамаеванын, А.Айтбаеванын, Н.К.Шамшыкеевдин жана Ж.Т.Шаршеевдин арыздарын карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө маалымкат эске алынсын (тиркелет).

2. Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Н.Нусубалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну жана анын мандатын андан кийинки талапкер Ж.Т.Шаршеевге өткөрүп берүүнү караган Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколу жокко чыгарылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Абдраимов
