# КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4222/edition/341887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзам (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-июлу № 216 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө

(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203179/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203179/st-2)

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.".

2. 5-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203179/st-3)

(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүн жоготот)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203179/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
