# КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4221/edition/341890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203178

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-июлу № 214

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203178/st-1)

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.".

2. 7-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Кабыл албай коюуга жол берилбейт.".

3. 8-статьянын 1-бөлүгүндөгү "үч күндүн" деген сөздөр "бир күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 14-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын: "1) кайрылуунун катталган күнү жана номери тууралу оозеки же жазуу жүзүндө маалымат алууга;"; 1-6-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 2-7-пункттар деп эсептелсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203178/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
