# КР 2009-жылдын 11-июлундагы № 206 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 11-июлундагы № 206 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4218/edition/341900/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 11-июлундагы № 206 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 11-июлу № 206 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203175/st-1)

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203175/st-29)

төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Курорттук-рекреациялык мекемелерге тийиштүү уруксат берүүчү документтери, тазалоочу жайлары же пайдаланылган агынды сууларды чыгарууга, тазалоого келишими жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу келишими жок болгондо Ысык-Көл ЭЭТнын аймагында туристтик, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203175/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203175/st-3)

Ушул Мыйзам кол коюлгандан күндөн үч ай өткөндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
