# КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 200 "Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 200 "Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4215/edition/346512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 200 "Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы (03.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203172

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 3-июлу № 200 Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203172/st-1)

Ратификациялансын: Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколу (Чикаго, 1944-жыл); Монреаль шаарында 1947-жылдын 27-майында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 93 bis беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 45-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а), 49 (е) жана 61-беренелерине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Рим шаарында 1962-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а)-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203172/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү депозитарий болуп эсептелген, Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколду (Чикаго, 1944-жыл) Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны депонирлөөгө берсин;

- Жогоруда аталган протоколдорду Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамоталарды депозитарий болуп эсептелген Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна депонирлөөгө берсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203172/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
