Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 3-июлу № 200 Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө
1-берене. Ратификациялансын: Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколу (Чикаго, 1944-жыл); Монреаль шаарында 1947-жылдын 27-майында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 93 bis беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 45-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а), 49 (е) жана 61-беренелерине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу; Рим шаарында 1962-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а)-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү депозитарий болуп эсептелген, Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколду (Чикаго, 1944-жыл) Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны депонирлөөгө берсин;
- Жогоруда аталган протоколдорду Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамоталарды депозитарий болуп эсептелген Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна депонирлөөгө берсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.