# КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 194"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 194"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4212/edition/341967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 194"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203168

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 26-июну № 194 Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203168/st-1)

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. Кодекстин 29-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 400-2-статья менен толукталсын:

"400-2-статья. Прокурордун, тергөөчүнүн, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо Прокурордун, тергөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынан келип чыккан талаптарын, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайылап аткарбоо,- Жарандарга-жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 508-статьядагы "400-1-статьясында" деген сөздөр "400-1, 400-2-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203168/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
