# КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 193 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 193 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4211/edition/342123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 193 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 26-июну № 193 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203167/st-1)

"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-жыл, № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203167/st-27)

төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын: "Почта байланышынын жашырын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндөгү маалымат "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203167/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
