# 98-берене. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары"

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 98-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-98

---

1. Жогорку Кеңеште катталган мыйзам долбоору боюнча жооптуу комитет мыйзам долбоорунун "иш кагаздарын" жүргүзөт.

2. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" киргизүүнүн, кароонун же кабыл алуунун хронологиялык тартиби боюнча төмөнкү документтер кирет:

1) мыйзам долбоору, анын ичинде альтернативдүү мыйзам долбоору жана коштоочу документтер;

2) комитеттердин альтернативдүү корутундуларынын долбоорлору;

3) арадагы бардык редакциялар;

4) мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр;

5) мыйзам долбоору боюнча комитеттердин корутундулары жана бардык экспертизалардын корутундулары;

6) жооптуу комитеттин жыйналыштарынын протоколдору;

7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорунан жана стенограммаларынан үзүндү көчүрмөлөр;

8) жашыруун же ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

9) мыйзамдын акыркы редакциясынын тексти;

10) парламенттик угуулардын сунуштары.

3. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" басылма тексттери, мөөр басылган жана өздөрү кол койгон документтердин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошулат.

4. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары" сессия аяктагандан кийин Аппараттын тиешелүү кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин архивине өткөрүлүп берилет.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-99)
