# 97-берене. Жыйналыштын "иш кагаздары"

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 97-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-97

---

Жогорку Кеңештин ар бир жыйналышы боюнча Аппарат жыйналыштын "иш кагаздарын" жүргүзөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) жыйналыштын "иш кагаздарына" кирүүчү документтердин тизмеги;

2) жыйналыштын протоколу;

3) жыйналыштын стенограммасы;

4) Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналыштын стенограммасына кирбей калган атын атап добуш берүүнүн натыйжалары;

5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлору;

6) жыйналышта каралган маселелер боюнча фракциялардын жана комитеттердин корутундулары;

7) депутаттардын айтылбай калган сөздөрүнүн тексттери;

8) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча фракциялардын өзгөчө пикирлери;

9) фракциялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары жана аларга жооптор;

10) Аппарат тарабынан депутаттардын арасында таратылган башка материалдар;

11) ошол жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакциядагы тексттери;

12) жыйналышка чакырылган адамдардын тизмеси;

13) добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндө депутаттардын арыздары.

2. Фракциялар, комитеттер, комиссиялар, депутаттар жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жыйналыштын "иш кагаздары" менен таанышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-98)
