# 96-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын стенограммаларына жана протоколдоруна жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 96-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-96

---

1. Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана комиссиялардын ачык жыйналыштарынын, ошондой эле фракциялардын айрым жыйналыштарынын протоколдору алардын чечими боюнча сайтка жайгаштырылат жана Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүлүп берилет.

2. Фракциялар, комитеттер, комиссиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын стенограммаларынын жана протоколдорунун түп нускаларын эркин ала алышат.

3. Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарынын редакцияланган стенограммалары жыйналыш аяктаган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин окуу залына өткөрүлүп берилет жана расмий сайтына жайгаштырылат.

4. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарынын стенограммалары жана протоколдору менен таанышуу Төрага бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-97)
