# 95-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 95-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-95

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары стенограммаланат. Жыйналыштардын стенограммаларын жүргүзүүнү Аппарат жүзөгө ашырат. Стенограмма талкуулоонун жүрүшүн чагылдырууга, жыйналышты өткөрүүнүн күнү, убактысы, орду, күн тартиби, төрагалык кылуучунун фамилиясы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

2. Стенограммада стилистикалык жана башка так эместиктерге жол берилген учурда депутат жыйналыштан кийинки жумушчу күндүн ичинде жыйналышка төрагалык кылуучунун ысымына сын-пикирлерин жибере алат, ал талаш маселелер боюнча чечим кабыл алат.

Стенограмманын түп нускасынын ар бир барагына текстин жазылышына жооп берүүчү адам (фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен) кол коет.

3. Жыйналышта сүйлөнгөн сөздөрдү жазуу Аппараттын тиешелүү кызматында электрондук жана басылма форматтарда сакталат жана бир жыл өткөндөн кийин архивге өткөрүлүп берилет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-96)
