# 94-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 94-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-94

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары протоколдоштурулат. Жыйналыштын протоколун жүргүзүүнү Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат. Жыйналыштын протоколуна жыйналышка төрагалык кылуучу кол коет.

2. Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду;

2) жыйналышка катышкан депутаттардын саны;

3) кароого коюлган күн тартибинин маселелери;

4) ошол жыйналыш үчүн депутаттарга таратылган документтердин аталыштары жана редакциясы;

5) жыйналышка чакырылган адамдардын фамилиялары жана кызматтары;

6) жыйналышка төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилиялары;

7) добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн ыкмалары;

8) добуш берүүнүн толук натыйжалары (жыйналышка төрагалык кылуучу аларды толук эмес жарыя кылган учурда да тиркелет) жана кабыл алынган чечимдер;

9) жыйналышка катышкан депутаттарды атын атап каттоо жөнүндө маалыматтар;

10) жыйналышка жүйөлүү себептер боюнча катышпагандыгы белгилүү болгон депутаттардын тизмеси.

3. Жыйналыштын протоколуна жыйналыштын күн тартибинин маселелери боюнча добуш берүүнүн натыйжалары кошулат.

4. Протоколдун стенограммага ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчиликти протокол түзүүнү жүзөгө ашырган адамдар тартат.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-95)
