# 93-берене. Электрондук тутумдун маалыматтарын берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 93-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-93

---

1. Жыйналышта депутаттарды каттоонун натыйжалары, алардын сөз сүйлөөдөгү кезектүүлүгү, добуш берүүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар депутаттарга алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча сандык маалыматтар жана тизмелер түрүндө электрондук тутумду техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуучу Аппараттын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан берилет.

2. Жыйналыштагы депутаттарды каттоонун, атын атап добуш берүүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар Жогорку Кеңештин сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырууга жатат.

3. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, электрондук тутумдун эсинде сакталган маалыматтар жана көрсөткүчтөр Жогорку Кеңештин архивинде сакталат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-94)
