# 92-берене. Электрондук тутумду пайдаланууну контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 92-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-92

---

1. Жогорку Кеңеш бардык фракциялардын депутаттарынын ичинен туруктуу жумушчу комиссиясын түзөт, ал добуш берүүдө электрондук тутумду пайдаланууга контролду жүзөгө ашырат.

2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка тоскоолдуксуз жетүү укугуна ээ.

3. Жумушчу комиссиянын чечими Аппараттын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болот.

4. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө жумушчу комиссия добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумдун оң иштешин текшерүүгө милдеттүү.

5. Жашыруун добуш берүү режиминде электрондук тутумду пайдалануунун эрежелерин сактоо жумушчу комиссия тарабынан түзүлүүчү протокол менен жол-жоболоштурулат.

6. Жумушчу комиссия атын атап добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сөз сүйлөөгө жазылуулардагы так эместиктер жана электрондук тутумдун ишиндеги башка каталар жөнүндө фракциялардын арыздарынын негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.

7. Жумушчу комиссия өз ишине электрондук тутумдар боюнча эксперттерди жана адистерди тартышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-93)
