# 90-берене. Үч турда добуш берүүнү өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 90-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-90

---

1. Эгерде ушул Регламент менен башкасы каралбаса, бир орунга бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же чечимдин бир нече варианты каралганда добуш берүү үч турда өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Депутаттар бир гана талапкер же чечимдин бир гана варианты үчүн добуш бере алышат. Талапкерлер бюллетендерге алфавиттик же мыйзам менен аныкталган башка тартипте киргизилет.

3. Биринчи турда депутат көрсөтүлгөн бир нече талапкерлердин ичинен бирине же чечимдердин бир нече варианттарынын бирине добуш берет.

4. Добуш берүүнүн экинчи туру добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыктары боюнча добуштардын зарыл санын алган талапкер шайланды же чечимдин варианты кабыл алынды деп эсептелинет.

5. Эгерде экинчи турда добуш берүүгө киргизилген эки талапкер же чечимдин эки варианты добуштардын тең санын алып калса, Жогорку Кеңеш кайталап добуш берүүнү өткөрөт.

6. Эгерде экинчи турда эки талапкердин бири да же чечимдин эки вариантынын бири да добуштардын талап кылынган санын ала албай калса, добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.

7. Эгерде ушул Регламент менен башкасы белгиленбесе, үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча катышкандардын санынын добуштарынын көпчүлүгүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушун алган ошол талапкер шайланды же чечимдин ошол варианты кабыл алынды деп эсептелинет.

8. Эгерде талапкерлердин же чечимдин вариантынын бири да добуштардын зарыл болгон санын ала албай калса, жаңы талапкерлерди же чечимдердин жаңы вариантын көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-91)
