# 9-берене. Жогорку Кеңеш биринчи кезекте кароого тийиш болгон маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 9-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-9

---

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:

1) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;

3) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;

4) Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;

5) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;

6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамын түзүү;

7) Өкмөттүн программасын бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирээти жыйналыштын күн тартибинде аныкталат.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-10)
