# 89-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 89-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-89

---

1. Эсептөө комиссиясы:

1) бюллетендердин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттарынын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;

2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруп берет;

3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;

4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин, калгандарын жок кылат;

5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;

6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыгуучу карама-каршылыктарды жана талаштарды чечет;

7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;

8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжасын жарыя кылуу менен Жогорку Кеңешке берет.

2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.

3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында ачык түрдө эсептөө комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколго чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.

Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул эмес болгон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин билдирет, ал протоколго тиркелип, жыйналышта жарыя кылынат.

5. Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугусуз жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө катышып турушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-90)
