# 88-берене. Жашыруун добуш берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 88-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-88

---

1. Жашыруун добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун же бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт.

2. Эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө добуш берүүнүн ар бир этабынын натыйжалары добуш берүүнүн жалпыланган натыйжасы түрүндө чагылдырылат, мындай учурда аты аталган тизме компьютердин эсине киргизилбейт.

3. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан башкача белгиленбесе, добуш берүү башталган учурдан баштап 30 мүнөттүн ичинде өткөрүлөт.

4. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү бюллетендерди толтуруу жолу менен ар бир депутаттын жеке өзү жүзөгө ашырат, бюллетень депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылган атайын кабинада толтурулат жана эсептөө комиссиясы чаптаган добуш берүү үчүн даярдалган урнага ташталат.

5. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары кошумча бекитүүнү талап кылбайт. Жогорку Кеңештин тиешелүү актысына кошумча добуш берилбестен эле жыйналышка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-89)
