# 86-берене. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 октября 2013 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205056)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263798..1263799>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 86-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-86

---

1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.

2. Депутат добуш берүү укугун өзүнүн фракциясынын лидерине же депутатына берүүгө укуктуу, алар бир эле учурда экиден ашык ишеним каттарын ала алышпайт.

Добуш берүү укугун башка фракциянын депутатына берүүгө жол берилбейт.

3. Кадимки жагдайда жүйөлүү себептер менен депутаттын жок болушу катары төмөндөгүлөр саналат:

1) убактылуу ишке жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк шарттар, никеге катталуу учурлары, баланын төрөлүшү боюнча, баланы багуу боюнча, жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу);

4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуусу, жазуу түрүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуусу;

5) тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөндөн тышкары, ар бир учурда депутаттын жок болушунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндөгү маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.

5. Добуш берүү укугун өткөрүп берүү өзүнүн жок болушунун себептерин, добушу өткөрүлүп берилип жаткан убактысын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча добуш берүү учурунда добушту кантип берүүсүн көрсөтүү менен депутаттык бланкка жол-жоболоштурулат.

6. Жогорку Кеңештин жыйналышында жок болгон мезгилге өзүнүн добушун өткөрүп берүү жөнүндө чечимин депутат телеграмма аркылуу жөнөтүүгө да укуктуу.

7. Депутаттардын добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арыздары, факсимилдик билдирүүлөрү жана телеграммалары аларды жыйналыштын иш-кагаздарына кошуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү кызматтарына берилет.

8. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында:

1) жок депутаттардын тизмесин, ошондой эле добуш берүү укугун фракциянын лидерине же депутатына өткөрүп берген депутаттардын тизмесин жарыялайт;

2) добуш берүүгө коюлуучу талапкерлердин же сунуштардын саны жөнүндө билдирет, сунуштардын жөндөлүшүн тактайт, сунуштардын жыйынтыкталган тексттерин жана алардын добуш берүүгө коюла турган ирээтин окуп берет, добуш берүүнүн түрү жөнүндө жана чечим кандай көпчүлүк добуш менен кабыл алынарын эске салат.

9. Добуш берүү укугун өткөрүп берген депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери иштетилет, ал эми калган жок болгон депутаттардын компьютерлери өчүрүлүүгө жатат.

10. Жогорку Кеңештин жыйналышында каттоодон өткөн, бирок добуш берүү учурунда катышпаган депутат өзүнүн добуш берүү укугун башка бирөөгө өткөрүп берүүгө же добуш берүүгө бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укугу жок.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-87)
