# 85-берене. Добуш берүү убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 ноября 2013 года № 208 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205075)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.11.2013 [Закон КР от 27 ноября 2013 года № 208 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205075); 18.10.2013 [Закон КР от 18 октября 2013 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205056); 16.04.2012 [Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203640)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263799..1263800>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 85-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-85

---

1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштар күндөрү саат 15.00дөн тартып өткөрүлөт.

Добуш берүү убактысында мыйзам долбоорлорун талкуулоого жол берилбейт.

2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдун долбоорлорун сунушташат.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жолжобосу ушул беренеде көрсөтүлгөн тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.

4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.

5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине байланыштуу пландаштыруулары керек.

6. Фракциялардын лидерлери фракция мүчөлөрүнүн добуш берүүгө себепсиз катышпагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

7. Төрагалык кылуучу добуш берүү башталганга чейин:

1) кворумдун бар экенин аныктоо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына катышкан депутаттарды каттоо" жөнүндө жарыя кылат жана каттоодон өткөн депутаттардын санын жарыялайт;

2) компьютерлери өчүрүлүүгө тийиш болгон, жок депутаттарды жарыялайт.

8. Катышкан жана катышпаган депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун кезеги менен добушка коет.

Добуш берген депутаттардын саны катталгандардын саны менен дал келүүгө тийиш. Эгерде добуш берген депутаттардын саны катталгандардын саны менен дал келбей калса, анда маселе кайра добушка коюлат. Добуш берүүдөн четтөөгө жол берилбейт.

9. Депутат добуш берүү убагында жыйындар залынан чыгып кеткен учурда, анын компьютери өчүрүлүүсу тийиш жана төрагалык кылуучу кайра каттоо жарыялайт.

10. Каттоонун жана депутаттардын атын атап добуш берүүлөрүнүн натыйжалары 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193, 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-86)
