# 84-берене. Добуш берүү жана анын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 84-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-84

---

1. Жогорку Кеңеш чечимдерди добуш берүүнүн төмөнкү түрлөрүнүн негизинде кабыл алат:

1) добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүү;

2) электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүү;

3) электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү;

4) бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү.

2. Добуш берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) эгерде бир эле убакта бир нече кызмат ордуна бир нече адамдар шайланып жатса, бирдиктүү тизме боюнча:

2) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир нече талапкер көрсөтүлсө, ушул Регламенттин 90-беренесине ылайык үч турда;

3) эгерде бир адам шайланып жатса жана бирден көп эмес талапкер көрсөтүлсө бир турда.

3. Депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.

4. Эч кимдин добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-85)
