# 83-берене. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203640)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263803..1263795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 83-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-83

---

1. Жогорку Кеңештин чечими төмөнкүдөй кабыл алынат:

1) депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен;

2) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен;

3) катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен;

4) катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн добушу менен (токтом кабыл алуу талап кылынбаган маселени кароодо);

5) депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин добушу менен.

2. Толук конституциялык курам болбогондо, чечим ант берген депутаттардын иш жүзүндөгү курамынан (депутаттардын жалпы саны) кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-84)
