# 80-берене. Жарыш сөз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 80-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-80

---

1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок Жогорку Кеңештин жыйналышында эч ким чыгып сүйлөөгө укуксуз.

2. Жогорку Кеңештин жыйналышында жооптуу комитеттин, комиссиянын төрагасы (өкүлү), фракциянын лидери же фракция ыйгарым укук берген депутат бир эле маселе боюнча жарыш сөздөрдө экиден ашык эмес чыгып сүйлөшү мүмкүн.

3. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчү талкууланып жаткан маселени карманышы керек. Эгерде чыгып сүйлөөчү темадан четтеп кеткен учурда, төрагалык кылуучу эскертүү берет, ал эми талапты аткарбаган учурда - сөзүн алып коет.

4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздү токтотуу жөнүндө сунуш алганда, депутаттарга сөзгө жазылгандардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жөнүндө маалымдайт, жазылгандардын кимиси чыгып сүйлөө ниетинен кайтпасын тактайт жана ушуну эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жарыш сөздүн токтотулушуна байланыштуу сөз сүйлөй албай калган фракциянын өкүлдөрү, депутаттар аларды жыйналыштын стенограммасына тиркөө үчүн сүйлөөчү сөздөрүнүн кол коюлган тексттерин Төрагага берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-81)
