# 79-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 79-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-79

---

1. Төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго берилген убакыттын жалпы узактыгын белгилеши, чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын узартуусу мүмкүн.

2. Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы төмөнкүдөн ашпоосу тийиш:

1) баяндама үчүн - 20 мүнөттөн;

2) кошумча баяндама үчүн - 10 мүнөттөн;

3) жарыш сөздө сүйлөө үчүн - 5 мүнөткө чейин;

4) "ар кыл" маселелерде чыгып сүйлөөлөр үчүн - 3 мүнөткө чейин;

5) жол-жобо маселелери боюнча, добуш берүү жүйөлөрү боюнча, талапкерлер боюнча чыгып сүйлөөлөр үчүн; билдирүүлөр үчүн, суроолор жана аларга жооптор үчүн, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн - 2 мүнөткө чейин;

6) корутунду сөз үчүн - 7 мүнөткө чейин.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча чыгып сүйлөө үчүн фракцияларга 10 мүнөткө чейин убакыт берилиши мүмкүн.

3. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу чыгып сүйлөөчүгө эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу.

4. Караштуулугунда регламент маселелери болгон комитеттин төрагасы маселелерди кароонун жол-жобосунун бузулганы жана ушул Регламентте белгиленген тартипке кайрылып келүү жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте чыгып сүйлөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-80)
