# 78-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышындагы жол-жобо маселелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203640)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263803..1263795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 78-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-78

---

1. Жол-жобо маселесине жыйналышты алып баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:

1) танапис, жыйналышты кийинкиге которуу, жабуу же узартуу жөнүндө;

2) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;

3) чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

4) кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;

5) кворумду ырастоо жана добуштарды кайра эсептөө жөнүндө;

6) талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздү кийинкиге калтыруу же токтотуу жөнүндө;

7) маселени жооптуу комитеттин же убактылуу комиссиянын кароосуна берүү жөнүндө;

8) чыгып сүйлөөлөрдүн убактысына чек коюу же узартуу жөнүндө;

9) жыйналыштын күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

10) жыйналышта маселелерди кароонун жана талкуулоонун кезеги жөнүндө;

10-1) добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө;

11) маселени кароону кийинки жыйналышка которуу жөнүндө;

12) күн тартибинин маселесин талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

13) маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү же алып салуу жөнүндө;

14) суроолорго жооп берүү үчүн убакыттын узактыгы жөнүндө;

15) сүйлөнүүчү сөздөрдүн жана берилүүчү суроолордун санына чектөө коюу жөнүндө;

16) суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узартуу жөнүндө;

17) ушул Регламенттин 37-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;

18) чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

19) күн тартибинин маселеси боюнча аны талкуулоосуз добуш берүүгө өтүү жөнүндө;

20) добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;

21) жол-жобого таандык болгон башка маселелер.

2. Жогорку Кеңештин жолжоболук маселелер боюнча чечими катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболонбойт.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-79)
