# 742-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2017 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263812..1263813>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 742-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-742

---

1. Өкмөт кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана комитеттери Жогорку Кеңешке белгиленген бюджеттердин долбоорлорун берген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:

1) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын жана Эсептөө палатасынын төрагасынын бул бюджеттердин долбоорлоруна карата корутундусун угат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна киргизет;

3) Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин белгилүү бир чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган учурда, Милдеттүү тартипте чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу тууралуу сунуштар киргизилет жана/же кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактары аныкталат.

3. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдарды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен үч окууда карайт жана кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жана аларга өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Президентке кол коюуга жиберилет.

(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [741-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-741)  
Кийинки берене: [743-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-743)
