# 69-берене. Айрым мыйзамдарды кароонун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 69-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-69

---

1. Администрациялык-аймактык түзүлүш, аскердик наамдарды, дипломаттык рангдарды жана башка атайын наамдарды белгилөө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды уюштуруу, мунапыс жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн корутундусу болгондо каралат.

2. Республикалык бюджет жана салыктар жөнүндө мыйзамдар милдеттүү түрдө Президент тарабынан кол коюлууга жатат.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдардын долбоорлорун кароо жана кабыл алуу тиешелүү мыйзамдардын ченемдерине жана ушул Регламенттин III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-70)
