# 68-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоонун тартиби. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 68-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-68

---

1. Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин карайт жана чечимдерди кабыл алат.

2. Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору төмөнкү документтер болгондо, белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан киргизилет:

1) эл аралык келишимдин тексти;

2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Өкмөттүн корутундусу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу каржы-экономикалык жана башка кесепеттерине берген баасы тууралуу;

3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалыматтар;

4) эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу.

3. Төрага ратификациялоого же денонсациялоого келип түшкөн эл аралык келишимдин мазмунуна жараша аны Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоо боюнча жооптуу комитетти аныктайт.

4. Тармактык комитет өз компетенциясына ылайык жооптуу комитетке эл аралык келишим боюнча корутунду даярдоодо көмөк көрсөтөт.

Жооптуу комитет эл аралык келишимди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча жумушчу топту түзүшү мүмкүн.

5. Жооптуу комитет кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр камтылат:

1) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө сунуштамалар;

2) эки тараптуу эл аралык келишимдерди кошпогондо, ратификациялоону же денонсациялоону эл аралык укук жол берген мүмкүн болуучу декларациялар, билдирүүлөр же эскертмелер менен коштоонун зарылдыгы жөнүндө сунуштарды.

6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-69)
