# 67-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 67-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-67

---

1. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга же денонсацияланууга жаткан эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же Өкмөт кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жиберилет.

2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:

1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;

2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;

3) келишимдин долбоорунан келип чыгуучу каржы милдеттенмелери бөлүгүндө Финансы министрлигинин экспертизасын;

4) караштуулугунда тышкы иштер маселелери болгон орган менен макулдашуу документтерин.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча сын пикирлери болгон учурда, алар келишим тарабынан иштеп чыгылышы үчүн Президентке же Өкмөткө жиберилет.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-68)
