# 66-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 66-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-66

---

мыйзамдардын долбоорлорун кароонун өзгөчөлүктөрү

1. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна ушул Регламенттин 47-беренесинде көрсөтүлгөн документтерден тышкары, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору тиркелет.

2. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

4. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому Жогорку соттун Конституциялык палатасына даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-67)
