# 63-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 63-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-63

---

1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.

2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана жооптуу комитеттин өкүлдөрү кирет.

3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү "бир тарап - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болушу керек.

4. Мыйзамдын вариантынын макулдашылган редакциясына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюуга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен теңтөрагасы ушул Регламенттин 50-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн аларды эксперттик кызматка жиберет.

5. Макулдашуу тобу Жогорку Кеңеш тарабынан аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.

7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкү вариант боюнча чечим кабыл алат:

1) конституциялык мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен;

2) мыйзамдын - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-64)
