# 61-берене. Мыйзамдын биротоло акыркы текстин даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 мая 2015 года № 108 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111151)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263806..1263807>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 61-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-61

---

1. Мыйзам долбоору үч (төрт) окууда каралгандан жана кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын тексти оңдолууга жатпайт.

3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло акыркы текстин даярдоо процессинде, чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укугуна кирбеген карама-каршылыктар жана башка маселелер табылса, алар боюнча чечимдер анын корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде жооптуу комитет тарабынан кабыл алынат.

4. Аппараттын ченемдик укуктук актылардын чыгышы үчүн жооптуу тиешелүү бөлүмү, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын биротоло акыркы текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:

1) жооптуу комитеттин төрагасы:

2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;

3) лингвистикалык кызматтын жетекчиси:

4) мыйзамдын текстин мамлекеттик же расмий тилдерге которуу үчүн жооп берүүчү кызматтын жетекчиси.

5. Аны үчүнчү (төртүнчү) окууда кабыл алгандан кийин мыйзам долбоорун кароого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы тексти 14 календардык күндүн ичинде кол коюу жана жарыялоо үчүн Президентке жиберилет.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-62)
