# 6-берене. Даярдык көрүүчү топту түзүү жана ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 6-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-6

---

1. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын уюштуруу үчүн шайлоо босогосунан өткөн партиялардын демилгеси боюнча, келгендерине жараша Жогорку Кеңештин депутаттарынан Даярдык көрүүчү топ түзүлөт.

2. Даярдык көрүүчү топту Жогорку Кеңештин шайланган жашы боюнча улуу депутаты жетектейт.

3. Даярдык көрүүчү топ, контролдоо жана жабык жыйналыштарды өткөрүү ыйгарым укуктарын кошпогондо, ушул Регламентте Жогорку Кеңештин комитеттери үчүн белгиленген тартипте иштейт жана өзүнүн ишин биринчи жыйналыш аяктагандан кийин токтотот.

4. Даярдык көрүүчү топ жүргүзгөн иштери жөнүндө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышында баяндайт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-7)
