# 59-берене. Экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 59-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-59

---

1. Жогорку Кеңеш өзгөчө учурларда мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууга жана мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталыктарды тапканда экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүүгө укуктуу.

2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси жооптуу комитетке негизделген экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү сунушу менен кайрылууга укуктуу.

Жооптуу комитет экинчи окууга кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

3. Талкууланган жана катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтомдун долбоору ушул мыйзам долбоору боюнча мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жиберилет, ал 7 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизилет жана экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.

Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурун кабыл алган корутундусу жокко чыгарылууга жатпайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-60)
