# 58-берене. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окууда каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 58-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-58

---

1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу жооптуу комитеттин өкүлүнүн кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө баяндамасынан башталат.

2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Үчүнчү окууда мыйзам долбоорун жалпысынан же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет тарабынан, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн катышуусу менен мүмкүн болгон ички карама-каршылыктарды четтетүү жана беренелердин өз ара туура байланышын белгилөө үчүн мыйзам долбоорунун текстин редакциялык оңдоолор жүргүзүлөт.

5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло акыркы текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүү өткөрөт.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-59)
