# 56-берене. Мыйзам долбоорунун биринчи окууда каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 56-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-56

---

1. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо анын концепциясы, максаттары жана милдеттери, түзүлүшү, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу, ошондой эле Конституциянын жоболоруна шайкештиги талкууланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун бардык беренелерин ырааттуу талкуулоо (беренелер боюнча талкуулоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо ушул Регламенттин 76-беренесинде каралган жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.

3. Биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) жооптуу комитетке аны экинчи окууга даярдоону тапшыруу менен, мыйзам долбоорун негиз катары кабыл алуу;

2) мыйзам долбоорун четке кагуу.

5. Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомунда мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал 10 жумушчу күндөн ашышы мүмкүн эмес.

6. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун кийинки баскычтарынын жоопкерчилигин жооптуу комитет тартат.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-57)
